БШК парламенттик шайлоого карата добуш берүү аймактарын жана схемаларын бекитти

БШК парламенттик шайлоого карата добуш берүү аймактарын жана схемаларын бекитти.

 

Ага ылайык, пропорционалдык система аркылуу саясий партиялардын тизмеси менен шайлануучу 54 депутат үчүн жалпы Кыргызстандын аймагы жалгыз шайлоо округу деп эсептелет.

 

Чет өлкөлөрдөгү шайлоочулар бул округга добуш берүүчү катары катталат.

 

Ал эми мажоритардык система аркылуу же өзүн-өзү көрсөткөн 36 депутат үчүн бир мандаттуу шайлоо округдарынын картасы түзүлүп, чек арасы бекитилди. Комиссиядан кошумчалашкандай, Кыргызстанда шайлоочулардын жалпы саны 3 миллион 686 миң 921 адамды түздү.