Жаңы окуу жылында мектеп босогосун 156 миңден ашык биринчи класстын окуучулары аттайт.
Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, 30 миң бала Жалал-Абаддын мектептерине кабыл алынды, бул өлкө боюнча эң чоң көрсөткүч.
Андан кийин Ош облусу турат – дээрлик 29 миң, Чүй облусунда 24,5 миң бала биринчи класска барат. Кошумчаласак, өлкө мектептеринде окуучуларга алгачкы коңгуроо 15-сентябрда кагылат, ал эми толук кандуу окуу процесси 16-сентябрда башталат.