Кыргызстанга Пакистандан 65 чартердик каттам келген

Кыргызстанга соңку учурда Пакистандын үч шаарынан — Исламабад, Лахор жана Сиалкоттон 65 чартердик каттам менен 12 миңден ашуун жүргүнчү учуп келген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Манас» эл аралык аэропортунун башкы директору Бакыт Шаршеев билдирди. Анын айтымында, жүргүнчүлөрдүн баары… Кененирээк…

Бишкекте ушул жумада жай толук аяктайт

Бишкекте ушул жумада жай толук аяктайт. Синоптиктердин маалыматына ылайык, алдыдагы 2 күн бою ордо калаада июлдагыдай ысык болот. күндүз абанын табы +35ке чейин жогоруласа, түнкүсүн дагы жылуу болуп +20…22де сакталат. Бирок 9-сентябрь, бейшембиден тартып күн салкындап, жаан жаайт. Жумада күндүз +15тен жогорулабайт, жамгыр жаап, шамал… Кененирээк…

Октябрь районунун таштанды үчүн эки квитанция алган жашоочуларына акча төлөбөй туруу сунушталат

Бишкектеги Октябрь районунун таштанды үчүн эки квитанция алган жашоочуларына акча төлөбөй туруу сунушталат. Мэриядан түшүндүрүшкөндөй, буга чейин аталган райондун тургундарына «Комтранском» жана «Тазалык» кызматынан эки квитанция келгени айтылган. Андан улам шаардыктар кайсы квитанция боюнча акча төлөшү керектигин билбей жатат. Жеке компания менен «Тазалыктын» ортосунда соттук… Кененирээк…

Кыргызстанда 3 миллион 617 миң шайлоочу бар

Кыргызстанда 3 миллион 617 миң шайлоочу бар. БШКдан билдиришкендей, добуш берүүчүлөрдүн эң көбү Ошто – 900 миңге жакын, Жалал-Абадда – 686 миң жана Чүйдө 610 миң. Андан тышкары, Кыргызстан 36 округга бөлүндү. Ар бир округ болжол менен 100 миң шайлоочу менен түзүлдү. Анын ортосунда, шайлоого… Кененирээк…

Таиланд бийлиги 1-октябрдан тартып Бангкокду туристтерге ачуу ниетинде

Таиланд бийлиги 1-октябрдан тартып Бангкокду жана дагы 4 провинцияны вакцина алган туристтерге карантиндик чараларды колдонбой эле ачуу ниетинде. Падышалыктын тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, программаны улай Пхукет кум коргону жана Самуи плюс алышы күтүлүүдө. Өлкө бийлиги ушундай эле жол менен Паттайяны дагы ачууну пландап жатат.

Кыргызстандын футбол боюнча кубогунун финалдык беттеши Баткенде өтөт

Кыргызстандын футбол боюнча кубогунун финалдык беттеши Баткенде өтөт. Футбол союзунан билдиришкендей, жыйынтыктоочу оюн 18-сентябрга белгиленди. Анда Кочкор-Ата шаарынын «Нефтчи» командасы менен Бишкектин «Алга» курамасы күч сынашат.

Сингапурда коомдук тартипти көзөмөлдөгөн робот пайда болду

Сингапурда коомдук тартипти көзөмөлдөгөн робот пайда болду. Хавьер аттуу киборгго түнкүсүн дагы көрө ала турган камералар орнотулган, эми ал күнү-түнү шаардын бир районунда кайгуул жүргүзөт. Негизинен ал туура эмес жерде тамеки чегүү, мыйзамсыз алып-сатуу, ошондой эле жөө өтмөктөрдөн мотоциклдердин жана электроскутерлердин жүрүшүн карайт. Робот мыйзам… Кененирээк…

Бишкекте Тоголок Молдо көчөсү убактылуу жабылат

Бишкекте Тоголок Молдо көчөсү убактылуу жабылат. Кеп, тилкенин Чүй проспектисинен Фрунзеге чейинки бөлүгү тууралуу болуп жатат, — дешти милициянын кайгуул кызматынан. Жолдун жабылышы футбол боюнча “Үч улуттун кубогу” эл аралык турнирдин өткөнүнө байланыштуу. Андан улам, айдоочуларга каттамдарды эртелеп түзүп алуу сунушталат.

Кербен шаарынын таза суу тармагы жана канализациясы жакшыртылат

Кербен шаарынын таза суу тармагы жана канализациясы жакшыртылат. Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул үчүн Европа калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкынан 6,5 миллион евро насыя алынат. Сумманын 2,5 миллиону грант катары берилсе, калганы 15 жылдык мөөнөткө берилет. Бересе Кербен шаарынын мэриясы жана сууканал ишканасы тарабынан… Кененирээк…

Москвада батир жашоочулары кожоюну 300 миң рубль катып жүргөн диванды таштандыга ыргытты

Москвада батир жашоочулары кожоюну 300 миң рубль катып жүргөн диванды таштандыга ыргытты. Учурда полиция текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Жабырлануучу бир нече саат өткөндөн кийин гана ижарачылар батирдеги эмеректи алмаштырганын билди. Ал эми таштанды топтолгон аянттан жоголгон диван табылган жок.