Бишкектин Ак-Ордо конушунда жаңы мектептин курулушу уланууда

Бишкектин Ак-Ордо конушунда жаңы мектептин курулушу уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, жалпы билим берүү мекемеси бир сменада 480 окуучуга чакталат.

 

Бул жерде окуу класстары, процедуралык, методикалык кабинеттер, техникалык жайлар жана спорт зал каралган. Мэриядан белгилешкендей, 2023-жылга чейин ордо калаанын жаңы конуштарында 4 мектеп, 1 кошумча корпус жана 5 бала бакча курулат.