Түрк инвесторлору Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу ниетинде

Түрк инвесторлору Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу ниетинде. Мэриянын маалыматына ылайык, кеңири делегация  ордо калаага сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн келди.

 

Эске салсак, объектти куруу боюнча макулдашууга ушул жылдын августунда кол коюлган. Түрк компаниясы заводдун курулушу боюнча долбоор тартуулап, анын техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап, каржылоону камсыздоого даяр.