Бишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй-Фрунзе бөлүгү кыймылга жабылат

Бишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй-Фрунзе бөлүгү кыймылга жабылат. Чектөөлөр бүгүн кечки саат 5тен түнкү 11ге чейин киргизилет.

 

Кайгуул милиция кызматынын маалыматына ылайык, көчө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо “Үч улуттун кубогунун” алкагында футболдук беттеш өтө турганына  байланыштуу жабылат. Айдоочуларга тыгындарды жаратпоо үчүн башка каттам түзүп алуу сунушталат.