16-сентябрдан тарта жылдык 4 пайыз менен мамлекеттик ипотекалык насыя берүү боюнча программа кое берилет

16-сентябрдан тарта жылдык 4 пайыз менен мамлекеттик ипотекалык насыя берүү боюнча программа кое берилет.

 

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына ылайык, мындай пайыздык чен менен турак-жайды бюджеттик тармактын кызматкерлери ала алат.

 

Насыя 15 жылдан 25 жылга чейин берилет. Программанын катышуучусу үйдүн баасынын жок дегенде 10 пайызын төлөшү керек.

 

Ал эми бюджеттик эмес тармактын кызматкерлери тууралуу айта турган болсок, аларга ипотека жылдык 8 пайыз менен жеткиликтүү. Бирок бул багыт менен үйдү бир гана Бишкек жана Оштон алса болот.