Жыл башынан бери 1,3 миллион тоннадан ашык көмүр өндүрүлдү

Кыргызстанда 8 айда 1 млн. 337 миң тоннадан ашуун көмүр өндүрүлдү. Анын 9 миң тоннага жакыны өлкөнүн түштүк аймагында казылып алынды. Бул тууралуу «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, өлкө боюнча 758 көмүр кампасы ачылды. Калкка көмүр берүү 15-сентябрдан башталат. Ал эми Бишкек жылуулук борборуна (ЖЭБ) көмүр ташуу токтоосуз жүрүп жатат.

 

Кыргызстан боюнча жалпысынан 3 млн. ашык тонна көмүр керектелет. Анын ичинен калкка 1 млн. тоннадан ашуун, Бишкек ЖЭБине 1,5 млн. ашуун сарпталат.

Республика боюнча көмүр казган 70тен ашык компания бар. Туруктуу иш алып барган компаниялардын саны 41ге чукул.

«Кыргыз көмүрдүн» маалыматына караганда, өткөн жылы ушул мезгилде 1 млн. тоннадан ашуун көмүр казылган.

Эксперттер Кара-Кече көмүр кенинде быйыл иш солгун экенин белгилешкен. Августтун башында тазалоо иштери гана бир аздан жүрүп жатканы болбосо, көмүр казуу иши токтоп турганын, кышка даярдыктар али баштала электигин айтышкан.