Apple салтка айлангандай, жаңы продукциясын 14-сентябрда тартуулайт

Apple салтка айлангандай, жаңы продукциясын 14-сентябрда тартуулайт.   Компаниядан билдиришкендей, иш-чара пандемияга байланыштуу, онлайн форматта өтөт. Трансляция Apple дин расмий сайтында көрсөтүлөт.   Күтүлгөндөй,  бул ирет 13-муундагы жаңы смартфондор жана акылдуу Apple Watch сааттары тартууланат. Жаңы продукцияны  17-сентябрдан тарта буйрутма кылса болот, ал эми жалпы… Кененирээк…

Кыргызстанда балдарды 3 саатка гана кабыл ала турган 500 бала бакча пайда болот

Кыргызстанда балдарды 3 саатка гана кабыл ала турган 500 бала бакча пайда болот. Министрлер кабинетинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, аларды түзүү боюнча иштер башталды.   Бала бакчалардан тышкары Кыргызстанда мультимедиялык класстар жана компьютердик класстарды ачуу пландалууда. Бул багытта каржылык колдоону Дүйнөлүк банк көрсөтүүгө даяр.

Чоң-Кемин өрөөнүндөгү токойдогу ачык өрт өчүрүлдү

Чоң-Кемин өрөөнүндөгү токойдогу ачык өрт өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жалынды басууга мүмкүн болду. Тилсиз жоо  10 гектар аймакты каптады.   Өрттү өчүрүүгө 400 адам тартылды. Буга чейин маалымдалгандай, Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Көк-Жар токоюнда өрт чыгып, кургак чөп, бадалдар жана бактар күйүп кетти.

Кыргызстанда кышында электр энергиясынын маал-маалы менен өчүрүлүшү болбойт

Кыргызстанда кышында электр энергиясынын маал-маалы менен өчүрүлүшү болбойт. Буга Энергетика министринин орун басары Таалайбек Ибраев ишендирүүдө.   Анын айтымында, бүгүнкү күндө бөлүштүрүүчү компаниялар электр тармактарында пландалган оңдоо иштеринин 80 пайызын аткарды. 1-октябрга карата бардык жумуштар аягына чыгат. Жалпысынан, өлкөнүн энерго тармагы күзгү-кышкы сезонго жакшы даярдык… Кененирээк…

Бишкекте 92 миллион сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан жалпы баасы 92 млн 509 миң 500 сомду түзгөн 0.54 га жер тилкелери мамлекеттин менчигине кайтарылды. Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдиргендей, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Бишкек шаарынын “Арча-Бешик” жаңы конушундагы Тыналиев жана Бакаев көчөлөрүнүн арасындагы, А.Масалиев көчөсүнүн түштүк… Кененирээк…

Синоптиктер шашылык билдирүү таратат

Синоптиктер шашылык билдирүү таратат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 9-10-сентябрда өлкөнүн бардык аймактарында жамгыр жаап, чукул сууктайт. Абанын температурасы дароо 10-15 градуска төмөндөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым райондорунда жаан нөшөрлөйт. Батыштан соокон шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетет.

Жалал-Абад шаарына жаңы 25 автобус сатып алынат

Жалал-Абад шаарына жаңы 25 автобус сатып алынат. Бул тууралуу “Акчабарга” шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу муниципалдык автобазасынан билдиришти. Унааларды алууга 16 миллион сом багытталат. Автобустар 2 этап менен алынат, жакынкы аралыкта биринчи этап менен 5 унаа келет. Белгилеп кетсек, Жалал-Абаддагы муниципалдык автобазанын автобустары дээрлик он жылдан бери… Кененирээк…

«Кыргыз көмүр» ишканасына мурдагы жетекчи кайра кайтып келет

Мирлан Жакыпов «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, Жакыпов буга чейин «Кыргызкөмүр» ишканасын 2014-2017-жылдары жетектеген.

Ош шаардык төрөт үйү убактылуу жабылды

Ош шаардык төрөт үйү убактылуу жабылды. Төрөт үйдүн башкы дарыгери Дамира Ташмаматова билдиргендей, 25-сентябрга чейин мекемеде оңдоп-түзөө иштери жүрөт. Анда ички тышкы жаңылоо иштери аткарылат. Андан улам кош бойлуулар дагы убактылуу кабыл алынбайт. Ал эми кызматкерлер жумушун Ош облустук төрөт үйүндө улантып, иштеп жатышат.

Чоң-Кемин районунун тоолорунда чыккан өрттү өчүрүү иштери уланууда

Чоң-Кемин районунун тоолорунда чыккан өрттү өчүрүү иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Көк-Жар айылында түштүктү карай Кайыңды айылынан тартып карагайларды жалын каптады. Өрттү өчүрүүгө Кеминдин, Чүйдүн жана Токмоктун куткаруучулары, жергиликтүү тургундар тартылды. Кечээ кечке карата 40 гектар токой өрттөндү