Император Наполеон Бонапарттын баш кийими аукционго коюлду

Император Наполеон Бонапарттын баш кийими аукционго коюлду. Лондондогу аукцион үйүнүн директору Саймон Котлдун айтымында, баш кийимдин баштапкы баасы 100 миң фунт стерлинг же 12 миллион сом. Бул баш кийим буга чейин аукционго коюлгандардан өзгөчө жана баалуу. Себеп, анын эскилиги Бонапарттын жашы менен тең. Баш кийимди… Кененирээк…

Бишкекте 5 мектеп жана 5 бала бакча пайда болот

Бишкекте 5 мектеп жана 5 бала бакча пайда болот. Мэриянын маалыматына ылайык, билим берүү мекемелери «Ак-Ордо», «Алтын-Ордо», «Рухий-Мурас»,  «Ак-Бата» жана «Ак-Босого» конуштарына туура келет, ал эми мектепке чейинки даярдоо мекемеси «Ак-Ордо», «Арча-Бешик», «Кара-Жыгач», «Дордой» жана «Келечек» конуштарында курулат. Мекемелерди 2021-2023-жылдар аралыгында пайдаланууга берүү пландалууда.

Кыргызстанга кышка карата 3 миллион тоннадан ашык көмүр керектелет

Кыргызстанга кышка карата 3 миллион тоннадан ашык көмүр керектелет. Учурда көмүр менен камсыздоо иштери башталып, Бишкек ЖЭБине 120 миң тонна кара отун жеткирилди, — дешти «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынан. Өлкө керектөөсүнүн көбү ордо калаа ЖЭБине туура келет – 1 миллион 650 миң тонна, андан кийин калк… Кененирээк…

Ош облусунун Араван районунда өстүрүлгөн анар экспорттолот

Ош облусунун Араван районунда өстүрүлгөн анар экспорттолот. Аны быйыл Россия менен Казакстанга жөнөтүү пландалууда. Райондук агрардык өнүгүү бөлүмүнөн билдиришкендей, Араван районунда быйыл 102 гектар жерге анар эгилген. Учурда баасы дүңүнөн 35 сомдон, ал эми базарда көлөмүнө карап 40 сомдон 60 сомго чейин сатылууда. Буга чейин… Кененирээк…

Бишкектин Алтын-Ордо конушунда мектептин курулушу уланууда

Бишкектин Алтын-Ордо конушунда мектептин курулушу уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, иштер быйыл жайда башталган, учурда 3 блоктун пайдубалы түптөлдү, дубал көтөрүү жумуштары жүрүп жатат. Билим берүү мекемеси 480 окуучуга чакталат жана окуучулар үчүн бардык шарттар каралат. Белгилеп кетсек, Алтын-Ордо конушунда 6 миң 400 адам жашайт, анын… Кененирээк…

Кыргызстандыктар быйыл августта электр энергиясын көп колдонушту

Кыргызстандыктар быйыл августта электр энергиясын көп колдонушту. Борбордук диспетчердик кызматынын маалыматына ылайык, бир айлык электр энергиясын керектөөнүн көлөмү 959,5 миллион  кВт саатты түздү. Көрсөткүч былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 110 миллион кВт саатка көп. Анын ортосунда Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү дагы былтыркыга салыштырмалуу… Кененирээк…

Кемин районунун Көк-Жар токоюнда өрт чыкты

Кемин районунун Көк-Жар токоюнда өрт чыкты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, кечээ түндө чыккан жалынды өчүрүүгө 28 куткаруучу, токой чарба кызматынан 25 адам жана жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылды. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 40 гектарды түзөт. Кошумча маалымат берилет.

Дүйнөдө алгачкы ирет Кубада жергиликтүү Abdala жана Soberana препараттары менен эки жаштан жогорку балдарды эмдөө башталды

Дүйнөдө алгачкы ирет Кубада жергиликтүү Abdala жана Soberana препараттары менен эки жаштан жогорку балдарды эмдөө башталды. Бирок Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эки вакцинаны тең расмий каттай элек. Белгилеп кетсек, пандемиядан улам мектептер 2020-жылдын мартынан бери жабык. Учурда көпчүлүк кубалыктарга интернет жеткиликтүү эмес болгондуктан сабактар сыналгыдан… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Абдраимов айылында жаңы бала бакчанын курулушу аяктады

Жалал-Абад облусунун Абдраимов айылында жаңы бала бакчанын курулушу аяктады. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, мектепке чейинки даярдоо мекемеси 100 орунга чакталган. Учурда бакча балдарды кабыл алууга даярдалууда. Курлуш иштерине 24 миллион 500 миң сом багытталды. Каражат республикалык бюджеттен берилди.

Түркия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина берет

Түркия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина берет. Бул тууралуу Өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган саламаттыкты сактоо министри Адымкадыр Бейшеналиев менен жолугушуусунда билдирди. Анын айтымында, биздин өлкөгө кайтарымсыз негизде 150 миң дозада Sinovac препараты жеткирилет. Бирок, анын так мөөнөтү айтылган жок. Белгилеп кетсек, буга чейин республикада… Кененирээк…