Кыргызстанда кышында электр энергиясынын маал-маалы менен өчүрүлүшү болбойт

Кыргызстанда кышында электр энергиясынын маал-маалы менен өчүрүлүшү болбойт. Буга Энергетика министринин орун басары Таалайбек Ибраев ишендирүүдө.

 

Анын айтымында, бүгүнкү күндө бөлүштүрүүчү компаниялар электр тармактарында пландалган оңдоо иштеринин 80 пайызын аткарды. 1-октябрга карата бардык жумуштар аягына чыгат. Жалпысынан, өлкөнүн энерго тармагы күзгү-кышкы сезонго жакшы даярдык көрдү, — деп жыйынтыктады Ибраев.