Бишкектин бир бөлүгүндө эртең электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Медеров, Тыныстанов, Фучик, Саадаев, Орозбеков, Баялинов, Курманжан Датка, Исакеев көчөлөрүндө жана Ак-Босого, Ак-Өргө, Кара-Жыгач конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Жалал-Абадда футбол академиясы курулууда

Жалал-Абадда футбол академиясы курулууда.   Объект жаңы технологияларды колдонуу менен тургузулуп жатат. Анда 7 жаштан 17 жашка чейинки 200дөй бала тарбияланат.   Андан тышкары, 18 жаштан жогорку 2 команда окутулат. Академияда 3 чоң жана 2 чакан футбол аянттары, жабык спорт зал, унаа токтотуучу жай, ашкана… Кененирээк…

Кыргызстанда мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча масшатбдуу иштер аткарылып жатат

Кыргызстанда мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча масшатбдуу иштер аткарылып жатат.   Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, экономисттер жана юристтерден турган эксперттик топ учурга карата 95 мыйзамды талдап чыкты.   Жыл аягына чейин алар 200дөн ашык документти карап чыгышы керек. Мыйзамдардын көбүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынса, калгандары күчүн жоготту… Кененирээк…

Министрлер кабинети бажы алымы жок ташылган бензиндин көлөмүн көбөйтүү боюнча Россия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Министрлер кабинети бажы алымы жок ташылган бензиндин көлөмүн көбөйтүү боюнча Россия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.   Ведомстводон белгилешкендей, макулдашуунун алкагында Кыргызстанга жыл сайын бажы алымы жок 460 миң тонна күйүүчү май жеткирилет.   Учурга карата анын 398 миң тоннасы… Кененирээк…

Парламенттик шайлоолорду өткөрүү Кыргызстанга 602 миллион сомго айланат

Парламенттик шайлоолорду өткөрүү Кыргызстанга 602 миллион сомго айланат.   Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында, сумма азырынча так эмес.   Айрым фактылар эске алынган жок, аларга кийин каражатты башка булактардан издөө керек болот. Шайлоонун акыркы сметасы жакынкы күндөрү бекитилет. Эске салсак, парламент… Кененирээк…

Ак Үйдүн күн батыш жагындагы кире беришине кайрадан шлагбаум коюлду

Ак Үйдүн күн батыш жагындагы кире беришине кайрадан шлагбаум коюлду. Шлагбаумдун коюлушу боюнча Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Индира Куралбековага байланышканыбызда, шлагбаум унаа токтотуучу жайды иретке келтирүү үчүн коюлгандыгын билдирди.   «Унаалар токтогон жайды иретке келтирүү максатында шлагбаум коюлду. Ал эми Ак Үйдүн башка тарабы, анын… Кененирээк…

Президент Жапаров суучул Шуликого 500 миң сом бөлдү

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн 180 чакырымдан ашуун узундугун башынан аягына чейин сүзүп өткөн спортчу Владислав Шулико менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. «Кандай гана кыйынчылык болбосун өзүңө ишенүү жана максатыңа жетүү керектигин өз мисалыңда көрсөттүң. Буга чейин мындай эч ким кылган эмес.… Кененирээк…

Электр энергиясын бөлүштүргөн төрт компания бириктирилет

Министрлер кабинети электр энергияны бөлүштүргөн “Түндүкэлектр”, “Чыгышэлектр”, “Ошэлектр” жана “Жалал-Абадэлектр” ишканаларын бириктирип, бир эле “Кыргыз энергетикалык бөлүштүрүү” компаниясын түзүүнү колдоду. Эми сунуш парламентке киргизилет.   Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев 8-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.   “Булардын баары тең… Кененирээк…

Бишкекте «Таңшы комуз» иш-чарасы өтөт

Бишкекте 9-сентябрь — комуз күнүнө карата «Таңшы комуз» аттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Иш-чара Коомдук телеканал менен биргеликте уюштурулуп, Токтогул Сатылгановдун айкелинин алдында өтөт.   Ага белгилүү комузчулар, Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык мектеп-интернатынын… Кененирээк…

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

Мирлан Жакыпов мамлекеттик «Кыргызкөмүр» ишканасына директор болуп дайындалды. Аталган ишкананын басма сөз кызматы билдиргендей, жаңы жетекчини жалпы жамаатка энергетика жана өнөр-жай министри Доскул Бекмурзаев тааныштырды. 51 жаштагы Жакыпов 2014-жылы «Кыргызкөмүрдү» жетектеген. 3-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ишкананын директору Канатбек Ашырбаевди жана “Кара-Кече” филиалынын… Кененирээк…