Ош шаардык төрөт үйү убактылуу жабылды.
Төрөт үйдүн башкы дарыгери Дамира Ташмаматова билдиргендей,
25-сентябрга чейин мекемеде оңдоп-түзөө иштери жүрөт. Анда ички
тышкы жаңылоо иштери аткарылат. Андан улам кош бойлуулар
дагы убактылуу кабыл алынбайт. Ал эми кызматкерлер жумушун
Ош облустук төрөт үйүндө улантып, иштеп жатышат.