Чоң-Кемин районунун тоолорунда чыккан өрттү өчүрүү иштери уланууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Көк-Жар айылында
түштүктү карай Кайыңды айылынан тартып карагайларды жалын каптады.
Өрттү өчүрүүгө Кеминдин, Чүйдүн жана Токмоктун куткаруучулары,
жергиликтүү тургундар тартылды. Кечээ кечке карата 40 гектар токой өрттөндү