Синоптиктер шашылык билдирүү таратат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык,
9-10-сентябрда өлкөнүн бардык аймактарында жамгыр жаап,
чукул сууктайт. Абанын температурасы дароо 10-15 градуска төмөндөйт.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым
райондорунда жаан нөшөрлөйт. Батыштан соокон шамалдын
ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетет.