Apple салтка айлангандай, жаңы продукциясын 14-сентябрда тартуулайт

Apple салтка айлангандай, жаңы продукциясын 14-сентябрда тартуулайт.

 

Компаниядан билдиришкендей, иш-чара пандемияга байланыштуу, онлайн форматта өтөт. Трансляция Apple дин расмий сайтында көрсөтүлөт.

 

Күтүлгөндөй,  бул ирет 13-муундагы жаңы смартфондор жана акылдуу Apple Watch сааттары тартууланат. Жаңы продукцияны  17-сентябрдан тарта буйрутма кылса болот, ал эми жалпы сатыкка жаңы айфон менен сааттар 1 жумадан кийин чыгарылат.