Кемин районунун Ак-Тилек орто мектебинде кошумча корпус ачылды

Кемин районунун Ак-Тилек орто мектебинде кошумча корпус ачылды. Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мектеп Бообек айылында жайгашкан. Объект 100 окуучуга чакталат.

 

Курулуш иштерине жалпысынан 1 миллион 150 миң сом багытталды. Каржылоо жергиликтүү бюджет жана демөөрчүлөрдүн эсебинен жүргүзүлдү.