Бишкекке 210 жаңы автобус жеткирилди

Бишкекке 210 жаңы автобус жеткирилди. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти. 11-сентябрда коомдук транспорт Ала-Тоо аянтында тартууланды.

 

Экологияга зыянын тийгизбей турган автобустар Өзбекстанда чыгарылган. План боюнча, өзбекстандык компания жыл аягына чейин дагы 350 даана ISUZU автобустарын жеткирет.

 

Андан кийин 9, 10, 12 метрлик 1 миңдей автобус алуу пландалууда. Эске салсак, бийлик Бишкектин борбордук бөлүгүн маршруттук таксилерден арылтып, ордуна автобустарды кое берүүнү пландап жатат.