Эпкин – Баш-Кууганды жолунун курулушуна тендерди кытайлык компания утуп алды.
Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, Түндүк-түштүк альтернативалык трассанын бул бөлүгү Жумгал районуна караштуу. 70 чакырымга барабар тилкенин курулушу Азиялык өнүктүрүү банкынын эсебинен каржыланат.
Аталган бөлүктү италиялык компания салмак, бирок өткөн жылдын 1-декабрында аны менен түзүлгөн келишим жокко чыгарылды. Белгилеп кетсек, кытайлык компания тендерде эң төмөн сумманы сунуштады – 39 миллион сом.
Ал учурда Бишкек – Кара-Балта трассасын куруп жатат.