Аксы районунун Жүзүмжан айылында сибирь жарасы чыгып, бир айга карантин киргизилди

Аксы районуна караштуу Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Жүзүмжан айылында күйдүргү чыкканына байланыштуу бир айга карантин киргизилди. Бул тууралуу «Акчабарга»

Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков билдирди.

Маалым болгондой, аталган айылга ветеринардык блок посттор орнотулду.

Ал эми тургундар дарыгерлердин көзөмөлүндө болот.

Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сибирь жарасына шек

саналып жети адам 10-сентябрь күнү ооруканага келип түшкөн. Алардын

ичинен эки адамдан күйдүргү аныкталган.

Учурда дагы 41 киши ооруга каршы дарыларды үйүндө ичип жатат.