Душамбе шаарында ЖККУнун саммити башталды

Бүгүн, 16-сентябрда Душамбе ЖККУнун президенттеринин саммити өтүп жатат. Эртең, 17-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) президенттери жыйын курат. Мамлекет башчылар эл аралык жана аймактык коопсуздук, экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулап, жыйынтыгында жалпысынан кырктан ашуун документке кол коюлат.

Талкуулана турган негизги маселелердин бири – Афганистандагы соңку кырдаал.

15-сентябрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Тышкы иштер министрлери кезектеги отурумга чогулду. Жыйын уюмга мүчө өлкөлөрдүн саммитинин алкагында өттү. Иш-чарага ЖККУнун баш катчысы Станислав Зась катышты.

Отурумда министрлер уюм алкагындагы аймактын аскердик-саясий кырдаалын талкуулап, 16-сентябрдагы саммиттин күн тартибин бекитти.

Баш катчы Станислав Зась уюмга мүчө мамлекеттердин чек аралары кооптуу бойдон калып жатканын, өзгөчө Афганистан менен чек ара кабатырлантып жатканын журналисттерге билдирди.

«Тажик-ооган чек арасында абал жакшы эмес. Бирок тажикстандык чек арачылар менен күч кызматтарынын көзөмөлүндө. ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн баары муктаждык болгон учурда Тажикстанга аскер-техникалык жардам берүүгө даяр экенин дагы бир жолу бекемдешти».

Застын маалыматына караганда, 16-сентябрда Афганистан тараптан жаралган бардык коркунучтардын алдын алуу маселеси каралат. Анын айтымында, отурумдун катышуучулары «Афганистандагы кырдаал тууралуу» билдирүү кабыл алып, ооган элин куралдуу кагылыштан алыс болуп, өлкөдө тынчтыкты орнотууга, элди бөөдө кырбоого, экономиканы өнүктүрүүгө жана Афганистанда терроризм менен баңги зат кылмышын жок кылууга аракеттенүүгө үндөштү.

Ошондой эле жалпы дүйнөлүк коомчулукту Афганистанга гуманитардык жардамды кеңейтүү жана көбөйтүү зарылчылыгы эскертилген.

Коопсуздук жана экономика жаатындагы кызматташтык максатында 2001-жылы түзүлгөн ШКУ уюмуна сегиз өлкө – Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Россия, Пакистан, Өзбекстан жана Тажикстан мүчө. Беларус, Иран, Монголия жана Афганистан байкоочу макамына ээ.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан.