Коронавирустан вакцинаны Бишкектин бала бакчаларынын кызматкерлеринин 93 жарым пайызы алды

Коронавирустан вакцинаны Бишкектин бала бакчаларынын кызматкерлеринин 93 жарым пайызы алды. Андан тышкары, дээрлик 80 пайыз мугалимдер эмдөөдөн өттү.   Мындай маалымат менен Мамлекеттик санэпидем көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова бөлүштү.   15-сентябрдан тарта мектептер, ал эми 20-сентябрдан тарта бала бакчалар кадимки форматта… Кененирээк…

Россияда иштеген мигранттар үчүн 2022-жылы бирдиктүү мобилдик тиркеме ишке киргизилет

Россияда иштеген мигранттар үчүн 2022-жылы бирдиктүү мобилдик тиркеме ишке киргизилет. Өлкө бийлигинен билдиришкендей, тиркеме чет элдиктер үчүн мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү порталы болот. Алсак, андан чет элдик жаран кара тизмеде бар жогун билсе болот, андан тышкары, жеке клиникалардын медициналык камсыздандыруу кызматтарынан тартып ижарага турак жай табуу… Кененирээк…

Мамдумага 5 партия өттү

Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шейшемби күнү эртең менен Мамлекеттик Думага шайлоонун бардык бюллетендерин санап чыкканын билдирди. Алдын ала жыйынтыкка ылайык, “Бирдиктүү Россия” партиясына добуштардын дээрлик 50 проценти (49,8) тийди. КПРФ – 19, ЛДПР– 7 жарым проценттен бир аз ашыгырак, “Адилет Россия” – 7 жарым… Кененирээк…

ЕАЭБ боюнча эң арзан күйүүчү май Казакстанда

ЕАЭБ боюнча эң арзан күйүүчү май Казакстанда. Коңшу өлкөдө АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литринин орточо баасы 34 сом 50 сомду түзөт, — дешти Монополдукка каршы мамлекеттик агенттигинен. Андан кийин азан бензин Россияда — ушул эле маркадагысы 53 сом 90 тыйын болсо, Кыргызстанда 57 ​​сом 70… Кененирээк…

Жогорку Кеңешти шайлоого карата Россияда 20 добуш берүү тилкеси ачылат

Жогорку Кеңешти шайлоого карата Россияда 20 добуш берүү тилкеси ачылат. Тилкелер Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Владивосток, Красноярск, Иркутск, Якутск, Түштүк-Сахалин, Сургут жана Тюмень шаарларында пайда болот — дешти БШКдан. Андан тышкары, дагы Казань, Краснодар, Самара, Томск жана Хабаровск шаарларында шайлоо участкалары алгачкы ирет ачылат. БШКдан… Кененирээк…

18 талапкер бир мандаттуу система боюнча парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди

18 талапкер бир мандаттуу система боюнча парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, өзүн-өзү көрсөткөндөрдү каттоого алуу 13-октябрь, кечки саат 6да аяктайт. Белгилеп кетсек, 28-ноябрда өтө турган шайлоодо 90 депутат 5 жылдык мөөнөткө дайындалат. 54ү партиялардан көрсөтүлсө, 36сы биро… Кененирээк…

Ош облусунда 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында 21-сентябрда саат 22:54тө очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирди. Жер титирөө Кара-Суу районунун Социализм айылында, Өзгөн районунун Курбу-Таш, Куршаб айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор… Кененирээк…

Бразилиянын президенти коронавируска каршы эмдөө алганын тастыктан сертификаты жоктугунан ресторанга киргизилген жок

Бразилиянын президенти коронавируска каршы эмдөө алганын тастыктан сертификаты жоктугунан ресторанга киргизилген жок. Нью-Йоркко барган Франция делегациясынын 2 мүчөсү көчөдө пицца жеп отурган сүрөтү соцтармактарга тарады. Анда өлкө башчы Жаир Болсонару делегация өкүлдөрү менен бирге «Манхэттен» мейманкасынын жанында тамактанып жатканын көрсө болот. Ал эми ресторандын жетекчилиги… Кененирээк…

Бишкектеги “Касым” конушундагы бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтөт

Бишкектеги “Касым” конушундагы бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтөт. Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, калыбына келтирүү иштерине капиталдык курулуш башкармалыгы 13 миллион сом жумшоо ниетинде. Белгилеп кетсек, “Касым” конушундагы №1-бала бакча былтыр мартта инженердик-техникалык текшерүүдөн кийин авариялык абалда деп табылган. Учурда мектепке чейинки даярдоо мекемеси балдарды кабыл… Кененирээк…

«Тазалык» ишканасын убактылуу Айдар Дыйканбаев жетектейт

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын директорунун милдеттерин убактылуу аткаруу директордун орун басары Айдар Дыйканбаевге жүктөлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Ишкананын директору Рыспек Сарпашов 21-сентябрда өз ыктыяры менен ээлеген кызматынан бошотулган.