Президент ишинде өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарды сыйлады

Өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына Кыргызстанда ар кыл тармакта ийгилик жаратып, өзгөчөлөнгөн жарандарга президент Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Аталган салтанатта сүйлөп жатып Жапаров мамлекеттик ишмерлер Жусуп Абдрахманов менен Акматбек Сүйүмбаевдин өлкөнүн мамлекеттүүлүгүн түзүү жана чыңдоодогу эбегейсиз эмгегин белгилеген.

 

Бул эки инсандын жакындарына Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын тастыктаган сыйлык тапшырылды.

Андан сырткары, дарыгер, мугалим, машыктыруучу, укук коргоочу жана башка ар кыл тармактын өкүлдөрү өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, көп жылдык жемиштүү эмгеги үчүн алды. Андан сырткары, Конституцияны иштеп чыгууга активдүү катышкандарга да ыраазычылык билдирди.