Парламенттик шайлоодо жарандар бир гана ID-картасы менен колдоно алат

Парламенттик шайлоодо жарандар бир гана ID-картасы менен колдоно алат.

 

Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Өздүктү тастыктоочу башка документтер – айдоочу күбөлүгү, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана аскер билети жарабайт.

 

Эске салсак, Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрга белгиленди. Добуш берүү бул ирет аралаш система менен өтөт.