Кыргызстан аймактарында жыл аягына чейин 6 жаңы калкты тейлөө борбору ачылат

Кыргызстан аймактарында жыл аягына чейин 6 жаңы калкты тейлөө борбору ачылат. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, алар Араван, Түп, Кемин, кызыл-Суу, Таш-Дөбө жана Ново-Покровка айылдарында пайда болот.

 

Белгилеп кетсек, жалпысынан бүгүнкү күндө өлкөдө 31 калкты тейлөө борбору иштеп жатат. Аларда электрондук кезек системасы киргизилип, кондиционерлер жана жылытуу системасы орнотулган. Борборлор “open space” форматында иштейт – кызматкерлердин жана жетекчинин иш орду документтерди кабыл алуучу жалпы бөлүмдө эле жайгашат.