Казакстан эл аралык чалуу кодун алмаштыруу ниетинде

Казакстан эл аралык чалуу кодун алмаштыруу ниетинде. Санариптик өнүктүрүү, инновация жана аэрокосмостук өнөр жай министрлигинен билдиришкендей, байланыш операторлорунун эл аралык +7 номурун +997 кодуна өткөрүү пландалууда. Учурда министрлик жаңы кодго өтүүнүн деталдуу планын иштеп жатат. План боюнча улуттук код 2023-жылы өзгөртүлөт. Бирок 2025-жылга чейин эски… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарынын айрым райондорунда таза суу өчүрүлөт

Жалал-Абад шаарынын айрым райондорунда таза суу өчүрүлөт. Калаа мэриясынын аалыматына ылайык, бүгун саат 9:30дан кечки 5:30га чейин Спутник жана Көк-Арт кичирайондорунда таза суу болбойт. Убактылуу өчүрүү түтүктөрдү оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу.

Өлкөнүн алгачкы кыргыз тилдүү радиостанциясы “Кыргызстан обондорунда” дүйнөлүк рекорд башталды!

Өлкөнүн алгачкы кыргыз тилдүү радиостанциясы “Кыргызстан обондорунда” дүйнөлүк рекорд башталды! Ди-джейлер Арсен, Бермет жана Абай мамлекеттик тил күнүнө карата 62 саат бою түз эфир алып барат. Рекорд  24-сентябрь кечки саат 10до жыйынтыкталат. Эң ири шоу-программанын убактысы гана узак эмес, активдүү угармандарга бериле турган белектер да… Кененирээк…

Дүйнөдөгү эң кары эгиздер Япониядан табылды

Дүйнөдөгү эң кары эгиздер Япониядан табылды. Эже-сиңдилер Умено Сумияма жана Коуме Кодама учурда 107 жашта. Алар үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында жашап жатканына 107 жыл 300 күн деп «Гиннес рекорддор китебине» катталды. Бир туугандар 1913-жылы 5-ноябрда Седо аралында 13 балалуу чоң үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келишкен. Кызыгы, алар… Кененирээк…

Ош облусунун Араван районунда эң ири тигүү цехи ачылды

Ош облусунун Араван районунда эң ири тигүү цехи ачылды. Өндүрүш Жаңы-Араван айылында жайгашат жана анда 250 адам жумуш менен камсыздалды. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, тигүү цехи арабиялык инвесторлордун колдоосу менен курулду. Анын сметалык баасы 35 миллион сом. Учурда цехте 89 жабдуу орнотулду. Дагы 200 машинаны сатып… Кененирээк…