Синоптиктер октябрдын аба-ырайы тууралуу маалымат менен бөлүштү.
Күздүн экинчи айына карата божомолдорду Кыргызгидромет түздү. Алсак, өлкөнүн түндүгүндө термометр мамычалары күндүз +24, түнкүсүн +3 градусту көрсөтөт.
Бирок түнкүсүн 3 градуска чейин суук дагы жүрүшү мүмкүн. Түштүктө күндүзгү температура +12 ден +25ке чейин жетсе, түнкүсүн 2 градустан 9 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаан-чачын норманын тегерегинде болот.