Ак-Сай өрөөнүнө медициналык илимий-изилдөө базасы уюштурулат

Нарын шаарында кыргыз-швейцар бийик тоолуу медицина жана изилдөө симпозиуму өтүп жатат. Ага Европанын 17 өлкөсүнөн келген 40 окумуштуу-дарыгер теңиртоолук медиктер менен тажрыйбасын бөлүшүүдө. Төрт күндүк иш-чара 18-сентябрда башталган.

 

Эл аралык симпозиумда чет өлкөлүк дарыгерлер тоолуу аймакта жашаган калкка мүнөздүү ооруларды аныктоо, аларды алдын алуу жана дарылоонун ыкмалары тууралуу илимий баяндамаларын жасашты.

Иш-чараны өткөрүүгө Швейцария өкмөтү кол кабыш кылып, Кыргызстандагы бийик тоолуу аймактарда жашагандардын саламаттыгы он жыл иликтенген.

Долбоордун алкагында Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүнө медициналык илимий-изилдөө базасы уюштурулат. Окумуштуулар ага кеминде 80 миң доллар кетерин эсептешкен. Долбоор 2022-жылы ишке ашары күтүлүүдө.

 

2019-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Швейцарияга болгон иш сапарынында эки өлкө ортосунда тоо медициналык илимий борбор ачуу тууралуу меморандумга кол койгон.

 

Маалыматка ылайык, аталган медициналык борбор эки багытта иш алып барат. Биринчиси, тоолуу аймактарда жашаган калктын ден соолугуна кам көрүү, климаттык шартка байланыштуу ооруларды алдын алуу болсо, экинчиси, жергиликтүү тургундарды жаңы ыкмалар менен арзан дарылоо болуп саналат.