“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы кытайлык фирма менен кызматташуу боюнча макулдашуу кабыл алды. Компания бир нече ири долбоорлорду ишке ашырууну пландап жатат, анын ичинде Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу жана Луговая – Балыкчы темир жолуна электр энергиясын өткөрүү бар.
Жакынкы арада Кыргызстанга кытайлык компаниянын өкүлдөрү келип, макулдашууну тактоо иштери жүрөт.