Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашуу тилкесинде жол эки тараптуу ачылды

Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашуу тилкесинде жол эки тараптуу ачылды.   Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда жеринде жолчулар тынбай иштеп, трассаны кардан тазалап жатат.   Кечээ түштө кар калың жаагандыктан, аталган ашууда кыймыл убактылуу чектелген болчу. Айдоочулар кышкы дөңгөлөктөрү менен гана… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгү бүгүн жарыксыз калат

Бишкектин бир бөлүгү бүгүн жарыксыз калат.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин электр энергиясы Чүй, Манас проспектилеринде, Шералиев, Кожомкулов, Эркин-Тоо, Токтоналиев, Элебесов көчөлөрүндө, Арча-Бешик, Рухий-Мурас, Киргизия, Ынтымак, Ала-Тоо, Ак-Ордо, Ак-Босого конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Ысык-Көл облусунда 15 эстеликке QR-код орнотулду

  Ысык-Көл облусунда 15 эстеликке QR-код орнотулду. Аны смартфон аркылуу сканерден өткөрүп, эстелик качан орнотулганы, көрүнүктүү адамдын өмүр баяны тууралуу маалыматты алса болот.   Буга чейин Бишкектеги 80 айкелге коддор орнотулган болчу. Белгилеп кетсек, долбоордун негизги максаты – тарыхты жана маданиятты жайылтуу жана туристик тармакка… Кененирээк…

Бишкектин кампаларында көмүр жетиштүү көлөмдө бар

Бишкектин кампаларында көмүр жетиштүү көлөмдө бар.   Мэриянын маалыматына ылайык, учурда отун базаларындагы көмүрдүн көлөмү 2 миң тоннага жетет. Кара отундун бир тоннасын бишкектиктер 4 миң 500 сомдон сатып алууда.   Бааны туруктуу сактоо үчүн көмүр күн сайын жеткирилип жатат. Муниципалитетен белгилешкендей, Бишкекте 6 отун… Кененирээк…

Татарстанда учак кырсыгы 16 кишинин өмүрүн алды

Татарстандын Мензелинск шаарында L-410 учагы кулап, борттогу 23 кишинин 16сы көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Жабыркаган алты киши ооруканада, саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко аларды жеке көзөмөлүнө алган.   Республиканын президенти Рустам Минниханов кырсыкка кабылган учактын бир кыймылдаткычы иштен чыгып, учкучтар жерге кондурууну өтүнүшкөн билдирген.… Кененирээк…