Бишкектин кампаларында көмүр жетиштүү көлөмдө бар

Бишкектин кампаларында көмүр жетиштүү көлөмдө бар.

 

Мэриянын маалыматына ылайык, учурда отун базаларындагы көмүрдүн көлөмү 2 миң тоннага жетет. Кара отундун бир тоннасын бишкектиктер 4 миң 500 сомдон сатып алууда.

 

Бааны туруктуу сактоо үчүн көмүр күн сайын жеткирилип жатат. Муниципалитетен белгилешкендей, Бишкекте 6 отун базасы, 7 стационардык пункт иштеп жатат, жакында жаңы конуштарда көмүр саткан дагы 35 стационардык пункт уюштурулат.