Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашуу тилкесинде жол эки тараптуу ачылды

Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашуу тилкесинде жол эки тараптуу ачылды.

 

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда жеринде жолчулар тынбай иштеп, трассаны кардан тазалап жатат.

 

Кечээ түштө кар калың жаагандыктан, аталган ашууда кыймыл убактылуу чектелген болчу. Айдоочулар кышкы дөңгөлөктөрү менен гана сапарга чыгышы керек.