Татарстанда учак кырсыгы 16 кишинин өмүрүн алды

Татарстандын Мензелинск шаарында L-410 учагы кулап, борттогу 23 кишинин 16сы көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Жабыркаган алты киши ооруканада, саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко аларды жеке көзөмөлүнө алган.

 

Республиканын президенти Рустам Минниханов кырсыкка кабылган учактын бир кыймылдаткычы иштен чыгып, учкучтар жерге кондурууну өтүнүшкөн билдирген. Окуянын себеби иликтенип жатат.

 

11-октябрь Татарстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.

 

Жеңил моторлуу L-410 учагы 34 жыл мурун колдонууга берилген. Ал аймактык каттамдарга колдонулат.