Ысык-Көл облусунда 15 эстеликке QR-код орнотулду

 

Ысык-Көл облусунда 15 эстеликке QR-код орнотулду. Аны смартфон аркылуу сканерден өткөрүп, эстелик качан орнотулганы, көрүнүктүү адамдын өмүр баяны тууралуу маалыматты алса болот.

 

Буга чейин Бишкектеги 80 айкелге коддор орнотулган болчу. Белгилеп кетсек, долбоордун негизги максаты – тарыхты жана маданиятты жайылтуу жана туристик тармакка колдоо көрсөтүү.