Криштиану Роналду улуттук курама үчүн ойногон беттештер боюнча европалык рекордсмен болду

Криштиану Роналду улуттук курама үчүн ойногон беттештер боюнча европалык рекордсмен болду. Португалия үчүн 181 оюн өткөрүп, ал Серхио Рамостун көрсөткүчүнөн ашып өттү.   Абсолюттук рекордчу Сох Чин Анндан ашып өтүү үчүн ал курама үчүн дагы 15 жолу ойношу керек. Sports.ru билдиргендей, Катарга каршы достук беттеште… Кененирээк…

Бишкектин Кара-Жыгач конушунда бала бакчанын курулушу уланууда

Бишкектин Кара-Жыгач конушунда бала бакчанын курулушу уланууда.   Мэриянын маалыматына ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемесинде оюн залдары, ашкана, уктоочу бөлмөлөр, музыкалык-гимнастикалык зал жана башка бөлмөлөр каралган.   Объект колдонууга берилгенден кийин бакча 140 бөбөктү кабыл алат.

Куткаруучулар айдоочуларга ашуулардан өтүүдө этият болууну сунуштайт

Куткаруучулар айдоочуларга ашуулардан өтүүдө этият болууну сунуштайт. Бишкек-Ош унаа жолунун тоолуу аймактарга тиешелүү тилкелеринде муз тоңуп турат.   Буга байланыштуу, Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Көк-Белден өтүүнү пландап жаткан айдоочулар сөзсүз түрдө дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алышы зарыл.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Ички иштер министрлиги менен биргеликте ID-карталардын санариптик версиясын чыгарууга даярдык көрүүдө

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Ички иштер министрлиги менен биргеликте ID-карталардын санариптик версиясын чыгарууга даярдык көрүүдө. Андан тышкары, айдоочу күбөлүгү жана транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк дагы электрондук вариантта иштелип чыгат.   “Санарип документтер” сервиси менен колдонуу үчүн Калкты тейлөө борборунан электрондук кол тамга каттатып, смартфонго “Түндүк”… Кененирээк…

Кыргызстан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында бешинчи орунду ээледи

Кыргызстан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында бешинчи орунду ээледи. Биздин капчыкта 2 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медалдар топтолду. Медалдык зачетте биринчи орунда Иран жайгашты.   Бул өлкөнүн балбандары 7 алтын медаль багындырды. Экинчи жана үчүнчүдө 5тен алтын менен АКШ жана Япония жайгашса, Россияда 4… Кененирээк…

Өлкө мектептеринде биринчи чейрек 5-ноябрда аяктайт

Өлкө мектептеринде биринчи чейрек 5-ноябрда аяктайт. Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдиргендей, окуучулардын күзгү каникулдары 8-ноябрдан 14-ноябрга чейин созулат.   15-ноябрда мектептерде экинчи чейрек башталат. Эске салсак, быйыл биринчи ирет жаңы окуу жылы 1-сентябрда эмес, 15-сентябрда башталды.   Акыркы коңгуроо 9-июнда кагылат.

Жогорку Кеңешти шайлоого аттанган бир мандаттуу талапкерлердин саны 194кө жетти

Жогорку Кеңешти шайлоого аттанган бир мандаттуу талапкерлердин саны 194кө жетти. БШКдан эскертишкендей, талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн баштап, добуш берүүгө 45 күн калганда, тагыраагы 13-октябрда саат 18:00дө аяктайт.   Белгилеп кетсек, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.   Анда 54 депутат партиялык тизме аркылуу… Кененирээк…

Үч лабораторияда ПЦР-тест тапшыруу арзандады

  Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин лабораториялык тестирлөө борборунун башчысы Айгүл Жумаканова Бишкектин айрым лабораторияларындагы ПЦР-тесттин баасы төмөндөгөнүн билдирген.   Республикалык штабдын маалыматына караганда, ордо калаадагы жеке менчик лабораториялар былтыр бир ПЦР-изилдөөнү 3 000 сомго чейин жасашкан. «2021-жылы түшүндүрүү иштерин… Кененирээк…

Кадамжай районунда жаңы айыл пайда болду

Кадамжай районунда жаңы айыл пайда болду. Ага Ынтымак аталышы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Жер тилкелери жаратылыш кырсыктарынан жабыркагандарга үй куруу алдына берилди. Алардын саны 70ке жетет. Белгилеп кетсек, алар буга чейин жашаган жерлери кооптуу болуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көчүп… Кененирээк…

Жалал-Абаддын Кан борборунда генератор жок

Жалал-Абаддын Кан борборунда генератор жок. Турмуш басылмасынын маалыматына ылайык, кыштын алдында энергетиктер электр энергиясы өчүрүлөт деп эскертип жатат.   Учурга карата Кан борборунда 2 тонна кандын запасы бар – аны             40 градус суукта сактоо керек. Эгер электр энергиясы өчсө, 3 сааттын ичине эле болгон кан… Кененирээк…