Бишкектин бир бөлүгү бүгүн жарыксыз калат.
“Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин электр энергиясы Чүй, Манас проспектилеринде, Шералиев, Кожомкулов, Эркин-Тоо, Токтоналиев, Элебесов көчөлөрүндө, Арча-Бешик, Рухий-Мурас, Киргизия, Ынтымак, Ала-Тоо, Ак-Ордо, Ак-Босого конуштарында жок болот.
Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.