Оштун коомдук транспортунда дагы жол кире кымбатташы мүмкүн

Оштун коомдук транспортунда дагы жол кире кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу “Турмуш” басылмасына Жүргүнчү транспорт агенттигинин жетекчисинин орун басары Акболуш Тиленбаев билдирди.   Анын айтымында, түштүк ордо калаадагы маршруттук таксилерде учурда жүрүү акысы 10 сом болсо, аны 15 сомго жеткирүү сунушталып жатат.   Бул бензин жана… Кененирээк…

Кыргызстанга 27-октябрда Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасы келет.

Кыргызстанга 27-октябрда Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасы келет. Бул тууралуу Novosti.kgге республикалык имуннопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, АКШда өндүрүлгөн препарат COVAX программасы аркылуу берилет. Ишенапысова белгилегендей, Pfizer препараты өлкөгө келгенден кийин аны менен жарандар 3 жума аралык менен 2 дозада эмделишет.

Кыргызстанда 22-октябрда аба-ырайы кескин өзгөрөт

Кыргызстанда 22-октябрда аба-ырайы кескин өзгөрөт. Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, бүрсүкүнү өлкөнүн көпчүлүк аймагында нөшөрлөп жаан жаайт, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланат, тоолуу аймактарга кар түшөт. 23-октябрь түндө айрым райондордо 3төн 6 градуска чейин үшүк жүрөт. 22-октябрь күндүз абанын табы 10-15… Кененирээк…

Facebookтун аталышы өзгөрүшү күтүлүүдө

Facebookтун аталышы өзгөрүшү күтүлүүдө. Соцтармактын башчысы Марк Цукерберг компаниянын аталышын өзгөртүүнү жыл сайын өтүүчү Facebook Connect конференциясында талкуулоону пландап жатат. Жаңы аталыш азырынча сыр бойдон. Жада калса жетекчиликтин айрым мүчөлөрү дагы билбейт. Facebook тарабынан көрсөтүлгөн виртуалдык офис Horizon менен кандайдыр бир байланышы болушу мүмкүн деп… Кененирээк…

Кыргызстанда каржы пирамидасы ишкердүүлүгү фактысы боюнча 2 миңден ашык кылмыш иши иликтенип жатат

Кыргызстанда каржы пирамидасы ишкердүүлүгү фактысы боюнча 2 миңден ашык кылмыш иши иликтенип жатат. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин иликтөө кызматынын бөлүм башчысы Азамат Дүйшөналиев билдирди. Анын айтымында, жабыр тарткандар дээрлик 3 миң адам. Барынан көп арыз жазгандар Бишкекте, Ошто, Ысык-Көл, Нарын, Баткен жана Талас облустарында.… Кененирээк…

Кыргызстандан алтын экспорттоо төмөндөдү

Кыргызстандан алтын экспорттоо төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин отчетунда айтылат. Маалыматка ылайык, быйыл былтыркыга салыштырмалуу сыртка алтын жөнөтүү 40 эсеге төмөн болду. Алсак, үстүбүздөгү жылдын 8 айында былтыркыга салыштырмалуу 8 тонна 351 килограмм аз экспорттолду. Эске салсак, Лондондогу Баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы (LBMA) «Кыргыз… Кененирээк…

Кыргызстанда 40 күйүүчү май сатуу түйүнү жабылды

Кыргызстанда 40 күйүүчү май сатуу түйүнү жабылды. novosti.kgге Мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов билдиргендей, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарында кирешенин аздыгынан түйүндөр ишин токтотту. Эшатов белгилегендей, отунду чекене сатудан аларга пайда түшкөн жок, мындай учурда иштөө пайдасыз болот. Өлкөдө күйүүчү май сатуу түйүндөрүнүн… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды

Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды, — деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 20-октябрда, саат 07:04тө катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен. Жер титирөө Ысык-Көл районунун Кашат, Көк-Дөбө, Григорьевка, Семеновка, Ананьево айылдарында 2,5 балл, Темировка… Кененирээк…

Боом капчыгайында унаалардын кыймылы татаалданат

Боом капчыгайында унаалардын кыймылы татаалданат. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, 22-октябрга чейин таштарды атайылап кулатуу иштери жүрөт. Андан улам, 3 күнгө саат 9дан 3кө чейин жол маалы менен жабылат. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тараптуу гана жүрөт.

Кыргызстандык Анара Мурзакулова Россиянын башкы кондитери болду

Кыргызстандык Анара Мурзакулова Россиянын башкы кондитери болду. Мурзакулова «Пятница» каналындагы «Кондитер» шоусунун бешинчи сезонунун жеңүүчүсү аталды. Ага 1 миллион рубль жана алтын таажы ыйгарылды. Финалга төрт катышуучу чыккан. Жыйынытктоочу эфир кечээ тартууланды. Белгилеп кетсек, “Кондитер” шоусуна катышкан кыз алгачкы кыргызстандык.