Кыргызстанда 22-октябрда аба-ырайы кескин өзгөрөт.
Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, бүрсүкүнү өлкөнүн
көпчүлүк аймагында нөшөрлөп жаан жаайт, Чүй, Талас, Ысык-Көл,
Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланат,
тоолуу аймактарга кар түшөт. 23-октябрь түндө айрым райондордо
3төн 6 градуска чейин үшүк жүрөт. 22-октябрь күндүз
абанын табы 10-15 градуска төмөн болот.