Кыргызстандан алтын экспорттоо төмөндөдү.
Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин отчетунда айтылат.
Маалыматка ылайык, быйыл былтыркыга салыштырмалуу сыртка
алтын жөнөтүү 40 эсеге төмөн болду. Алсак, үстүбүздөгү жылдын
8 айында былтыркыга салыштырмалуу 8 тонна 351 килограмм аз
экспорттолду. Эске салсак, Лондондогу Баалуу металлдар рыногунун
ассоциациясы (LBMA) «Кыргыз алтын» ишканасын ишенимдүү
жеткирүүчү компаниялардын тизмесинен чыгарган.