Кыргызстанда каржы пирамидасы ишкердүүлүгү фактысы боюнча 2 миңден ашык
кылмыш иши иликтенип жатат. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин иликтөө
кызматынын бөлүм башчысы Азамат Дүйшөналиев билдирди. Анын айтымында,
жабыр тарткандар дээрлик 3 миң адам. Барынан көп арыз жазгандар Бишкекте,
Ошто, Ысык-Көл, Нарын, Баткен жана Талас облустарында. Дүйшөналиев белгилегендей,
бир эле каржы пирамидасынан зыяндын көлөмү 1 миллион доллардан ашты.