Кыргызстанда 40 күйүүчү май сатуу түйүнү жабылды.
novosti.kgге Мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы
Канат Эшатов билдиргендей, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл
облустарында кирешенин аздыгынан түйүндөр ишин токтотту. Эшатов
белгилегендей, отунду чекене сатудан аларга пайда түшкөн жок,
мындай учурда иштөө пайдасыз болот. Өлкөдө күйүүчү май сатуу
түйүндөрүнүн жабылышы акыркы бир нече күндөн бери катталууда.