Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды, — деп билдирет
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн,
20-октябрда, саат 07:04тө катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.
Жер титирөө Ысык-Көл районунун Кашат, Көк-Дөбө, Григорьевка,
Семеновка, Ананьево айылдарында 2,5 балл, Темировка жана
Корумду айылдарында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.