Facebookтун аталышы өзгөрүшү күтүлүүдө.
Соцтармактын башчысы Марк Цукерберг компаниянын аталышын өзгөртүүнү
жыл сайын өтүүчү Facebook Connect конференциясында талкуулоону пландап жатат.
Жаңы аталыш азырынча сыр бойдон. Жада калса жетекчиликтин айрым мүчөлөрү
дагы билбейт. Facebook тарабынан көрсөтүлгөн виртуалдык офис Horizon менен
кандайдыр бир байланышы болушу мүмкүн деп болжолдонууда.