Бишкекте 3 көпүрөнүн курулушу уланууда.
Мэриядан билдиришкендей, кеп, Ак-Босого конушундагы 18 метрлик,
Эне-Сай аймагындагы 31 метрге жеткен жана Сухэ-Батор көчөсүндөгү
24 метрлик курулуштар тууралуу болуп жатат. Иштер Архитектор,
Гидростроитель жана Каралаев көчөлөрүндө жүрүп жатат. Белгилеп кетсек,
иштер “Жол тармактарын өнүктүрүү” долборунун 2-фазасынын алкагында
жүрүп жатат. Анын алкагында 60 көчө жана 5 көпүрө оңдоп-түзөлөт.