Бишкек – Ош унаа жолундагы «Арал» өткөрүү түйүнү унаалар үчүн жабылды.
Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан
билдиришкендей, посттон убактылуу унаалардын бардык түрү өткөрүлбөйт.
Бул, Ала-Бел ашуусунда кар тынымсыз жаап, унаа тыгыны пайда болгонуна байланыштуу.
Ведомстводон эскертишкендей, алыскы тоолуу аймакка сапарга чыккан
айдоочулар сөзсүз тайгакка каршы шаймандарын алып жүрүшү керек.