Жайыл районунда аймактык оорукананын аянты кеңейтилди

Жайыл районунда аймактык оорукананын аянты кеңейтилди.

Жергиликтүү администрациянын маалыматы боюнча, оорукананын

реанимациялык бөлүмү оңдолуп, бейтаптарга жана кызматкерлер үчүн

жакшы шарттар түзүлдү.  Кошумча корпустун жалпы аянты 306 чарчы метр.

Имараттын суу түтүктөрү жана канализация тармагы жаңыланып, реанимация

бөлүмүнө желдетүү системасы орнотулду. Андан тышкары, жандандыруу

бөлүмү монитор жана кычкылтек концентратору менен жабдууланды.

Курулушка дээрлик 8 миллион сом багытталды.

Каражатты чет элдик донор бөлүп берди.