Бишкектеги “Касым” конушундагы бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, имаратта ремонт иштеригана жүрбөстөн,
конструкциясы дагы бекемделет. Учурда биринчи кабаттын подорун жаңылоо
иштери башталды. Эске салсак, былтыр мартта инженердик-техникалык
текшерүүдөн кийин бала бакча авариялык абалда деп табылган.
Андан бери бакча жабык турат.