Ошто Баткен окуясында курман болгондор эскерилүүдө

Ош шаарында бүгүн 26-октябрда Баткен окуясында курман болгондор эскерилүүдө. Токтогул эс алуу багындагы Ооган согушунда каза болгондордун эстелигинин алдында уюштурулган иш-чарага Баткен согушунун 100гө чукул ардагери, жергиликтүү бийлик жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.   Эскерүүгө келген айрым катышуучулар мамлекет ардагерлерге жетишерлик көңүл бурбай жатканын айтышты.… Кененирээк…

Президенттин администрациясында Кырдаалдык борбор пайда болду

Президенттин администрациясында Кырдаалдык борбор пайда болду. Өлкө башчынын жана министрлер кабинетинин ишин маалыматтык-аналитикалык маалыматтар менен камсыз кылуу, башкаруучулук түзүмдөрдү санариптештирүү боюнча президенттик администрациянын Кырдаалдык борбору түзүлөт.   Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.   Буга чейин президенттик администрацияда кадрдык дайындоолор болуп, төрт башкармалыкка жетекчи дайындалган.

Парламенттик шайлоого 31 эл аралык байкоочу катталды

Парламенттик шайлоого 31 эл аралык байкоочу катталды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.   Комиссиянын маалыматына ылайык, аккредитацияны КМШнын өкмөт аралык ассамблеясы, эл аралык фонддун өкүлдөрү, Түркиянын жогорку шайлоо кеңеши алышты.   Байкоочуларга чакырууларды жөнөтүү уланууда. Эске салсак, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленди. Бул ирет добуш… Кененирээк…

Бишкекте троллейбус кыймылы убактылуу үзгүлтүккө учурады

Бишкектин айрым көчөлөрүндө 26-октябрда эртең менен троллейбус кыймылы убактылуу үзгүлтүккө учурады. Баштапкы маалыматка караганда, буга Москва көчөсүндө троллейбус жүрүүчү электр зым үзүлгөнү себеп болгон.   Болжол менен бир сааттан ашуун убакыт Москва көчөсү менен кесилишкен айрым көчөлөрдө троллейбустар токтоп турду. «Азаттык» Троллейбус башкармалыгы менен байланышканда… Кененирээк…

Дүйнөлүк футболдун мыкты борбордук форварддары аталды

Дүйнөлүк футболдун мыкты борбордук форварддары аталды. Рейтингдин сап башында Польша курамасынын жана мюнхендик “Бавариянын” чабуулчусу Роберт Левандовски жайгашат.   Экинчи орунда Норвегия курамасынын жана “Боруссиянын” жаш жылдызы Эрлинг Холланг турат. Үчилтикти жылдыздуу француз Килиан Мбаппе жабат. Мыктылардын катарында ошондой эле Гарри Кейн, Ромелу Лукаку жана… Кененирээк…

Англия курамасынын экс оюнчусу Дэвид Бекхэм Катардагы дүйнө чемпионатынын жүзү болот

Англия курамасынын экс оюнчусу Дэвид Бекхэм Катардагы дүйнө чемпионатынын жүзү болот. Футбол жылдызын мундиаль адам эркиндиги жана укуктарынын форматында өтөт деп ишендиришти.   Андан тышкары, Бекхэм алдыдагы 10 жылда Катардын элчиси болуп, жылына 20 миллион доллардан ашык алат. Эске салсак, Катар футбол боюнча дүйнө чемпионатын… Кененирээк…

Бишкектин Мурас-Ордо конушунда мектептин курулушу аягына чыгарылат

  Бишкектин Мурас-Ордо конушунда мектептин курулушу аягына чыгарылат.   Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды. Капиталдык курулуш башкармалыгы бул максатта 137 миллион 467 миң сом багыттоо ниетинде.   Эске салсак, Мурас-Ордо конушунда мектептин курулушу 2016-жылы эле башталган. Бирок каражаттын тартыштыгынан иштер соңуна чыга элек.

Кыргызстанга Ислам өнүктүрүү банкынын линиясы менен берилген медициналык көчмө комплекс Кемин районуна тапшырылды

Кыргызстанга Ислам өнүктүрүү банкынын линиясы менен берилген медициналык көчмө комплекс Кемин районуна тапшырылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бейтаптар үчүн акысыз медициналык кароо ноябрда башталат.   Көчмө клиникага дарыгерлердин иш бөлмөсү, анализдерди жасоого лаборатория, компьютердик томография жана башка зарыл жабдуулар бар.

Бишкекте курч респиратордук вирустар жана пневмония менен кайрылган балдарды жаткырууга кошумча орундар түзүлдү

Бишкекте курч респиратордук вирустар жана пневмония менен кайрылган балдарды жаткырууга кошумча орундар түзүлдү. Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдиргендей, алар кургак учукту алдын алуу боюнча шаардык балдар борборунда пайда болду.   Жыл сайын күз-кыш мезгилинде курч респиратордук вирустар жана сасык тумоо күч алат.… Кененирээк…

Кытайда учуучу унаа тартууланды

Кытайда учуучу унаа тартууланды. “Xpeng” компаниясы чыгарган унаа седан формасында, 3 эшиги жана 2 отургучу бар. Ал төмөн бийиктикте учууга ылайыкталган.   Рулдан тышкары кабинада абада кыймыл үчүн жойстик сыяктуу башкаруу баскычы бар. Унаанын узундугу 5,5 метр жана башка машинелерге салыштырмалуу жеңил. Абада ал саатына… Кененирээк…