Бишкекте троллейбус кыймылы убактылуу үзгүлтүккө учурады

Бишкектин айрым көчөлөрүндө 26-октябрда эртең менен троллейбус кыймылы убактылуу үзгүлтүккө учурады. Баштапкы маалыматка караганда, буга Москва көчөсүндө троллейбус жүрүүчү электр зым үзүлгөнү себеп болгон.

 

Болжол менен бир сааттан ашуун убакыт Москва көчөсү менен кесилишкен айрым көчөлөрдө троллейбустар токтоп турду.

«Азаттык» Троллейбус башкармалыгы менен байланышканда электр энергиясы өчпөгөнүн, Москва көчөсүндөгү маселе чечилгенин, ушу тапта жүргүнчү ташуу кадимки тартипте уланып жатканын билдиришти.