Бишкекте курч респиратордук вирустар жана пневмония менен кайрылган балдарды жаткырууга кошумча орундар түзүлдү

Бишкекте курч респиратордук вирустар жана пневмония менен кайрылган балдарды жаткырууга кошумча орундар түзүлдү. Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдиргендей, алар кургак учукту алдын алуу боюнча шаардык балдар борборунда пайда болду.

 

Жыл сайын күз-кыш мезгилинде курч респиратордук вирустар жана сасык тумоо күч алат.

 

Буга организмдин суукка туруштук бере албай калганы себеп болот, — деди Акматова.